Министрлер кабинети жарандарга Совет доорунда банктагы аманаттарын кайтарып берет. Бул тууралуу чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.
Ал милдет «Элдик банкка» жүктөлдү.
Жаран 1992-жылдын 1-январына карата өзүнүн эсебинен акча каражаттарын алып салганына же өзүнүн жеке эсебин жапкандыгына карабастан, тийиштүү коэффициенттерди колдонуу менен алардын баланстарын индексациялоо жолу менен калыбына келтирилет.