Site icon Reporter.kg

Союзбек Надырбеков маданият министринин биринчи орун басары болду

Союзбек Надырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дайындоо тууралуу тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эскерте кетсек, Союзбек Надырбеков 2021-2023-жылдары маданият министринин орун басары кызматын аркалаган. 2023-жылы февралда ал кызматтан бошотулуп, Улуттук маданий борбордун башкы директору болуп дайындалган.

2024-жылы Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертиза кылуу бөлүмүнүн башкы эксперти болуп дайындалган.

Exit mobile version