Минкаб төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Алюминий ассоциациясынын жана РусАлдын өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө инфраструктуралык объектилерди курууда инновациялык алюминий чечимдерин колдонуу боюнча долбоорлор сунушталды.
Тараптар алюминий тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулап, жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанда алюминий ассоциациясынын бизнес-миссиясын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Форумдун алкагында «Росхим» ишканасынын башкы директорунун орун басары Марина Бортова менен да жолугушуу болду. Негизги көңүл россиялык компаниянын Кыргызстандагы химиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого бурулду.