Исаев президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты

Исаев президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан расмий түрдө баш тартты. Исаев бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда өтүп жаткан парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Ал мунун себебин парламенттин ишмердүүлүгүн арттыруу үчүн күч жумшаары менен түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүндө: «Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министр же премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат» — деп жазылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>