Site icon Reporter.kg

Спикер сүйлөгөн сөзү менен кайрадан талкууда – видео

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламентте сүйлөгөн сөзү үчүн кайрадан коомчулуктун тамашасына айланды.

11-июнь күнү парламент депутаттары Канттагы авиабаза тууралуу макулдашууну карап жатканда Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев “Дастан” заводун жөн гана “Дастан” деп айтып алат. Буга териккен төрага Кадеевге эскертүү берип: «Дастан» дегенде завод деп сүйлөсөңүз? Антпесе Дастан Далабаевич отурат, мен отурам , туура эмес түшүнүк болуп жатат”, — деп айткан.

Көп өтпөй спикердин бул сөзү социалдык тармактарга тарап, #повторяяспикера хештеги менен көпчүлүктүн шакабасына айланды.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков


Exit mobile version