Спирт ичимдиктери коронавирустан коргойбу? – Штабдын жообу

Спирт ичимдиктери коронавирустан коргойбу? – Штабдын жообу

Спирт ичимдиктерин ичүү коронавирус илдетинен сактабайт. Бул тууралуу Республикалык штаб атайын видео билдирүү таратты.

«Спирт ичимдиктерин ичүү сизди COVID-19 инфекциясынан коргобойт жана өмүрүңүзгө коркунуч келтириши мүмкүн. Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү  сиздин ден соолугуңузга байланышкан көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн», — деп айтылат видеодо.


Белгилей кетсек, коомчулукта айрым адамдар спирт ичимдиктерин ичүү коронавирустан сактай тургандыгын айтып келишет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>