Site icon Reporter.kg

Спортчулар Париж олимпиадасына 20 жолдомо утуп алууну пландоодо

Спорт жана дене-тарбия департаменти 2024-жылы өтө турган Париж олимпиадасына 20 лицензия утуп алууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында департаментттин директору Айбек Абдымомунов билдирди.

Азыр 4 кыргыз спортчусунда олимпиадага катышууга жолдомосу бар.

Департамент Финансы министрлигинен 2024-жылга карата бюджетин 360 миллион сомго көбөйтүп берүүнү суранууда.

“Биздин бюджет 1,6 миллиард сомду түзөт. Анын 1 миллиарды айлык акыга кетет”, — дейт Айбек Абдымомунов.

издин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version