Site icon Reporter.kg

ССМ: Алгач 75 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда

Эки аптада 75 миң адамды эмдөөдөн өткөрөбүз деп пландоодобуз. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта маалымат жыйында Иммунология борборунун директору Гульбара Ишенапысова билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды.

Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясынын 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцинасы алынып келинген.

Вакцинаны алгачкы болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алат. Андан кийин медицина кызматкерлери, мугалимдер жана башкалар өтөт.

Андан кийин “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери күтүлүүдө.

Exit mobile version