Стационарда иштеп жатып каза болгон студент кыздын ата-энесине жеке ишкер үй берди — видео

Стационарда иштеп жатып каза болгон студент кыздын ата-энесине жеке ишкер үй берди — видео

Борбор калаадагы стационарлардын биринде ыктыярчы-медик болуп иштеп жүрүп каза болгон студент кыз Адинай Мырзабекованын ата-энесине жеке ишкерлердин бири батир берди.  Бул тууралуу Адинайдын атасы Замирбек Жээналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда “КG групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов маркум Адинай Мырзабекованын туулган күнүндө келип, батирдин сертификатын тапшырган. 

Белгилей кетсек, Адинай Мырзабекова 14-июлга караган түнү стационарда жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. Ал көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>