Стационардагы ыктыярчы студент кыздын өлүмүнүн чоо-жайы — министрликтин жообу

Стационардагы ыктыярчы студент кыздын өлүмүнүн чоо-жайы — министрликтин жообу

Бишкектеги күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан студент кыздын өлүмү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курстагы студентти аталган стационарда өз каалоосу менен медайым болуп иштеп жаткан.

«13-июль күнү саат 19:45те  абалы начарлап, калтырап-титирей баштаган. Жандандыруу аракетинен майнап чыкпай,  бейтап 20:45те каза болуп калган. Чогуу иштеген кесиптештерине ден солугунун начар экенин айткан эмес»,  — деп жазылат министрликтин маалыматындда.

Алдын ала маалыматтарга караганда ал эки тараптуу пневмониядан улам каза тапкан.  Так диагноз соттук медициналык экспертизадан кийин белгилүү болот деп билдирди министрликтен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>