Стамалиева: Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат

Стамалиева: Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат

Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда, Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Стамалиеванын билдирүүсүндө Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөр өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан коомчулукту бөлүнүп-жарылуу жана башка кооптонууларга жол бербейт деп бекем ишенимде экени айтылат. 

Ошондой эле президент учурдагы кырдаалды эске алып, БШКга парламенттик шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга чейин, мыйзам бузууларга байланыштуу материалдарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуш кылган.

«Тилекке каршы, кыргызстандыктар буга чейин эки элдик көтөрүлүштү башынан өткөргөн жана тынчтык менен туруктуулуктун баасын абдан жакшы билишет. Ошондуктан Президент Сооронбай Жээнбековдун бардык күч-аракеттер жакынкы убакытта  өлкөгө тынчтыкты кайтарууга багытталарын белгилейт. Мамлекет башчысы бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды  Кыргызстандын келечеги үчүн акылмандуулукка чакырат. Азыр ал Бишкекте», — деп айтылат Стамалиеванын билдирүүсүндө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>