Site icon Reporter.kg

Стамбулда жасалма аракка ууланып каза болгондордун саны 38ге жетти

Стамбулда жасалма аракка ууланып көз жумган түркмөнстандык мигранттардын саны 38ге жетти, дагы ондогон адамдын абалы оор

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы билдиргендей, алардын сөөгү Стамбулдагы көрүстөнгө коюлду, Түркмөнстанга жөнөтүүгө мүмкүн болгон жок.

13-мартта жасалма аракка ууланган 61 киши ооруканага жаткырылган. Басылманын Түркиядагы кабарчысы ушул тапта 24ү Стамбулдун бир нече клиникасынын жандандыруу бөлүмдөрүндө жатканын кабарлады. Алардын көбү комада.

CNNTurk телеканалы 19-мартта жасалма аракка 15 киши ууланып өлгөнүн маалымдаган. Алардын көбү түркмөн жарандары болгон.

Түрк басылмалары жасалма арак саткан 11 киши кармалганын билдирүүдө. Аларды тинтүү учурунда ири өлчөмдөгү алкоголдон тышкары, курал-жарак, ок-дарылар табылган.

Маалыматтарга караганда, түркмөн мигрантары жасалма арактарды коронавирустан коргонуу үчүн ичишкен.

Дарыгерлер алкоголь коронавирустан сактабай турганын, анын ордуна иммунитетти алсыратып, оорунун өтүшүп кетишине алып келерин эскертишет.

Exit mobile version