Статком: үймө-үй кыдырып, жашоочуларды каттоого алууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Статком: үймө-үй кыдырып, жашоочуларды каттоого алууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда эл каттоо кызматынын шылтоосу менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдырып, жашоочуларды каттоого алып жүрөт деген маалымат тараган. Элди каттаган шылуундар Каттоо кызматы алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултууда экенин билдиришкен. Бул маалыматты Улуттук статистика комитети чындыкка дал келбей тургандыгын маалымдады.

Эске сала кетсек, Улуттук статистика комитети өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтүн белгисиз убакытка жылдырган. Ошол себептен эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүгүн аталган комитет расмий түрдө маалымдады.

Суроолор болсо (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна же статкомго жана жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Статистикалык каттоолор бөлүмү: e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>