2020-2021-окуу жылынын башында республикада 138 орто кесиптик билим берүү мекемелеринде 96 миңге жакын студент окуган, алардын жарымынан көбү 56 пайыз кыздар.
Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-2021-окуу жылында кесиптик билим берүү мекемелерине киргендердин арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү болуп саналат, анда студенттердин жалпы санынын 26%, саламаттыкты сактоо – 18%, экономика жана менеджмент – 14 %, жана техникалык адистиктер – 13%.

2016-2017-окуу жылына салыштырмалуу абитуриенттердин эң көп өсүшү информатика жана эсептөө (49% га) жана билим берүү (21% га) адистиктерине байкалган, ал эми айыл чарба адистигине тапшыргандардын саны балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу 17% га кыскарган.