Site icon Reporter.kg

Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна жаңы директор келди

Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык  Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version