Site icon Reporter.kg

Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматынан бошотулду

Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору кызматынан бошотулду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Канатбек Азиз 2022-жылдын август айынын аягында Улуттук институттун директору болуп дайындалган. Ага чейин ал Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрагасынын орун басары болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version