Site icon Reporter.kg

Орусияга Кыргызстандан барган студенттерге кирүүгө уруксат берилди

Чет элдик студенттерге, аспиранттарга, ординатурага, даярдоо факультеттеринин студенттерине окуусун улантуу үчүн Орусияга кайтып келүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирет.

Ага ылайык, Роспотребнадзор коопсуз эпидемиологиялык абалы бар өлкө катары сунуш кылган өлкөлөрдүн гана чет өлкөлүк жарандары Орусияга машыгуу үчүн кире алышат.

«Учурда Абхазия, Азербайжан, Армения, Беларуссия, Вьетнам, Греция, Египет, Индия, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Куба, Мальдив аралдары, Бириккен Араб Эмираттары, Сейшел аралдары, Сербия, Сингапур, Танзания,Түркия, Финляндия, Швейцария, Эфиопия, Түштүк Корея, Түштүк Осетия, Япониядан келген чет элдик студенттер Орусияга кире алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, Орусияга  келээрден мурун, чет элдик студенттер университетке электрондук почта аркылуу Орусияга кирүү күнүн кеминде 10 күн мурун билдириши керек. Кат жөнөтүлгөндөн кийин, сиздин электрондук почтаңызга жазуу жөнүндө маалымат жөнөтүлөт.

Exit mobile version