Студенттер күнүнүн жаралуу тарыхын билесизби?

Студенттер күнүнүн жаралуу тарыхын билесизби?

Студенттер күнү албетте шаттыктын, романтиканын, жаштыктын майрамы. Бул майрам 1946 — жылы Чехиянын борбору Прагада Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген.

Анын тарыхы экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Чехословакияда башталган. 1939-жылы 28-октябрда бул мамлекеттеги улутчул фашисттер тарабынан оккупацияланган студенттер менен окутуучулар өзүнүн түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрацияга басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан. Анын өлүмүнө көптөгөн студенттер каршы чыккан.

17-ноябрда демонстранттар камалып, активист 9 студент  Гитлердин буйругу менен атылып кеткен. Ошол убакыттарда чех окуу жайлары жабылып турган. 1989-жылы демонстрация кайрадан уланган.

Аталган күндү Чехиянын Эл аралык студенттер күнү жана башка 100 дөн  ашык өлкөлөр майрамдашат. 1990-жылдан бери Кыргызстанда  майрамдалып келет.

Которгон: БМУ Бишкек Мамлекеттик Университетинин студенти Куйкоев Мунарбек

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>