Бишкектеги Студенттердин шаардык поликлиникасында бүгүн таң эрте саат 8:00дөн баштап флюорографиядан өтүү үчүн студенттердин эбегейсиз кезеги жаралды. Бул тууралуу биздин редакцияга жеринен студенттер кабарлашты.
Кызматкерлер айрым студенттердин эрте келгенине карабай, кеч келгендерди кезексиз чакырып, баш аламандык жаратышкан.
Көпчүлүгү качан кирээрин билбей, бир нече саат күтүүгө туура келди.
Бул жерде кезек күтүүнүн эрежеси боюнча так график жана адамдар үчүн шарт жок.
Мындайкайдыгерлик чыдамкайлыктын чыныгы сыноосу жана студенттердин окуу убактысын текке кетирүү болуп саналат.
Көптөр бул текшерүүдөн өтүш мүмкүн болгон жалгыз күнүн жана сабакка сарптала турган убактысын тек жоготушту.
Бул
жагдай олуттуу көңүл бурууну жана кабыл алуу жол-жобосун тез арада карапчыгууну талап кылат.