Site icon Reporter.kg

«Биримдик» үчүн акча чогулткан Соцфондун аппарат жетекчисине айып салынды

Социалдык фонддун аппаратынын мурдагы башчысы Акылбек Байдылдаевге айып салынды.

Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, ал мамлекеттик казынага 220 миң сом төгүшү керек.

Тергөөдө Акылбек Байдылдаев 2020-жылы сентябрда шайлоо алдындагы кампанияда, социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсаилов менен бирге “Биримдик” партиясы үчүн Соцфонддун бардык аймактык башкармалыктарынан каражат чогултушканы аныкталган.

Каражатты чогултуу үчүн билдирүүнү Байдылдаев таркаткан. Ал эгерде жетекчиликтин тапшырмасы аткарылбаса баарына тийиштүү чара көрүлөрүн айткан. Андан соң ар бир аймактын жетекчилеринен накталай жана которуулар менен каражат алган.

Акылбек Байдылдаев ноябрда кармалган. Ал күнөөсүн моюнуна алып, тергөө менен кызматташарын билдирген. Сотто ал кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөткөнү жана кылганына өкүнгөнүн билдиргени кабарланат.

 

Exit mobile version