Site icon Reporter.kg

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына сынак жарыяланат

Жогорку Кеңештеги парламенттик көпчүлүк коалициясы Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына, 2 ваканттык орунга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлайт.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кеңештин курамына сунушталган адамдар төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:

-Кыргызстандын жараны болууга;

-чет мамлекеттин жараны болбоого;

-кандайдыр бир партияда турбоого;

-кынтыксыз абройлуу, коомдо кадыр-барктуу болууга;

-соттуулугу, анын ичинде алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу болбоого.

Ошондой эле кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, же болбосо ага карата реабилитацияланган негиздер боюнча жазык териштирүү иштери токтотулган адам болушу Кеңештин мүчөсү мүмкүн эмес.

Жарандык коомдон көрсөтүлгөн Кеңештин мүчөсү 30 жаш куракта болушу, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажысы жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта турбаган адам болушу керек.

Мында көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык төмөндөгү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт:

1) мурда туура эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьясынан кызмат ордунан бошотулгандар;

2) укук коргоо органдарынын кызматкеринин наамын булгаган же “Адвокаттык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш менен алектенүү укугуна лицензиядан ажыратылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулгандар;

3) ишке жарамсыздар же жарамдуулугу чектелгендер;

4) аларга карата жазык иш өндүрүшү токтотулгандар же реабилитациялык эмес негиздер боюнча жазык иштери токтотулуп тургандар;

5) мамлекетте же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы үлүшү элүү жана андан ашык пайызды түзгөн башкаруу уюмдарынын органдарында иштегендер;

6) укук коргоо органдарында же прокуратура органдарында кызматта тургандар, ошондой эле алардын кадрларынын карамагында болгондор;

7) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде катталгандар.

Жарандык коомдон (окуу, илимий мекемелерден, коомдук бирикмелерден жана башка уюмдардан) келип түшкөн сунуштар жана талапкерлердин мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө күбөлөндүрүлгөн документтери төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча 2019-жылдын 28-декабрына чейин кошо алганда кабыл алынат:

 

Exit mobile version