Сулайман-Тоого келгендерди карактап жүргөн мектеп окуучулары кармалды

Сулайман-Тоого келгендерди карактап жүргөн мектеп окуучулары кармалды

Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасында адамдарды карактап жүргөн 17 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-мартта саат 19:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Сулайман-Тоонун айланасында адам тоноо менен алектенип жүргөн 4 жаран кармалды.

Шектүү балдар Кара-Суу районунан атайын киши тоноо үчүн Ош шаарына келип, жалгыз жүргөн жаш жигиттерди көптөп коркутуп, кол телефондорун тартып алуу менен алектенишкен. Мындан сырткары, оюнчук темир тапанчаны пайдаланышкан.

Милиция кызматкерлери тоонун айланасында буктурма уюштурушуп, шектүүлөрдү кармашкан. Кармалган учурда жандарынан башка жарандарга таандык 2 “Айфон” жана 1 “Редми” үлгүсүндөгү кол телефондор чыккан. Кармалгандар  Кара-Суу районунда чогу окуган 17 жаштагы классташ балдар экени аныкталган.

Мындан сырткары, кармалган балдардын үстүнөн 4 арыз келип түшкөн. Учурда тоноо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган балдардын жаш экендиги эске алынып, баары үй камагына чыгарылган. Ата-энелеринин коштоосу менен үйлөрүнө жиберилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>