Сулайманов: Бабанов бирөөнүн ийгилигин өзүнө ыйгарып алат – видео

Сулайманов: Бабанов бирөөнүн ийгилигин өзүнө ыйгарып алат – видео

Жогорку Кеңештин 4-октябрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Бабановдун “Аазттыктын” берүүсүндө айткандарына жооп кайтарып, «Бабанов башкалардын ийгилигин өзүнө ыйгарып алат» деди.

Өмүрбек Бабанов буга чейин “Азаттыктын” берүүсүндө “мага өкмөт башчы болууну Сулайманов баштаган топ сунуштаган жана форумга алар менен макулдашып бардым” деген.

«Өмүрбек Бабанов аман эле болсун, дайым кайсы бир топтун ийгилиги болсо өзүнө ыйгарат. Ийгилик болбой калса, чекеге өзүн алып качат. Ал өзү ушундай экенин Кыргызстан билип калбадыбы”, –деди Сулайманов.

“Бир Бол” партиясынын лидери ошондой эле, Өмүрбек Бабановду «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» баштаган бир топ партияларынын жаштары өкмөт башчылыкка сунушташканын ырастады.

“Менин жеке пикиримде ремьерликке альтернативдүү сунуштар болсун, парламентте анын программасын, багыттарын угуп шайлайлы дегем.  Бабанов «мени өзүлөрү сунуштады» деп кийин айтып жатат. Биз сунуштагандан мурун мен премьер-министр болуп, абалдан чыгарып кетет элем деп өзү эле чуркаган. Ошол эле мезгилде белгилей турчуу нерсе аны эч ким «Форумдун» имаратына бар деген эмес. Ал партиялар менден суранды деп өз күнөөсүн башкаларга арта салып, суудан кургак чыгууга аракет кылууда», – деп жооп берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>