Site icon Reporter.kg

Сулайманов: «Бир Бол» парламентке конкреттүү реформалардын планы менен бара жатат

Бүгүн, 17-августта «Бир Бол» партиясынын кезексиз Съезди өтүп жатат. Анда «Бир Бол» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо алдындагы «Инновациялык реформалардын мезгили» программасынын презентациясы жасады.

Мына ушул «Бир Бол» саясий партиясынын кезексиз Съездиндеги партия лидери Алтынбек Сулаймановдун сүйлөгөн сөзү толугу менен:

«Урматтуу партиялаштар, съезддин катышуучулары жана меймандар!
Учурда бүткүл дүйнө сымал эле Кыргызстан дагы кыйынчылыкка кабылып, белгисиз абалда турабыз.
Кыйын кырдаалда адамзаттын мен акылдуумун дегендери да эмне кылыш керек, мындан ары кандай жашоо керек деген маселенин тегерегинде ой калчап жатышат. Бул чоң сыноодон  аз чыгым менен кантип чыгып кетсе болот деген суроого ынандырган жоопту, даяр рецептти берген эч ким жок.
Бирок мындай жагдай биз баш ийип беришибиз керек, агым менен кетишибиз керек дегенди билдирбейт!
Андай болбойт, андай болбошу керек, биз буга жол бербейбиз!
Бүгүнкү абалды биз оор сыноо катары эле эмес, өзгөрүү үчүн берилген мүмкүнчүлүк катары кабыл алалы…
Мындай мүмкүнчүлүктөр эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече жолу болду. Бирок ар кандай себептер менен алар колдон чыгарылган. Ар бир кое берилген мүмкүнчүлүктөн кийин өлкө ого бетер сазга батып, ордунан жыла албай калып жатты…
Биз дал ушул көйгөйдү жеңип чыгып, Кыргызстандын саясий жана экономикалык архитектурасын жаңыртышыбыз керек! 
Чыныгы жаңылануу баштала турган механизм – бул Жогорку Кеңешке тандоо. Парламентке жаңыча ойлонгон, жаңыча көз караштагы, абийири таза, жаңы жүздөр келиши керек!!!
Мен Сингапурдагы, Түштүк Кореядагы, Гонконгдогу реформалар жөнүндө көп окудум. Жакырчылыкка белчесинен баткан өлкөлөр кыска мөөнөттө өзгөрүү жасап, өнүгүп кетишкенине тарых өзү күбө.
Эмнеге алар ийгиликке жетишти, а биз болсо 30 жылдан бери бир орундан жыла албай турабыз..?
Себеби ийгиликтин сыры – бул ошол өлкөдөгү бурулуш жасоого даяр топтун эрки, жаш реформаторлордун тайманбас аракети.
Кыргызстандын тарыхында дагы жаш лидерлердин жардамы менен мамлекеттүүлүк түзүлгөн. Мисалы, 20-кылымдын башында Кыргызстанда Кеңеш өкмөтү орноду. Ал оор учурларда бийлик башында 30га жашы жетпеген эр-азаматтар туруп, жаш мамлекеттин түйшүгүн көтөрүшкөн.
Ошол эле Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбековдой аталарыбыз өз алдынча тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алып, мамлекеттүүлүктү түптөшкөн.
Доор алмашып, технология, интернет өнүккөн мезгилде Илон Маскка окшогон жеке ишканалардын жетекчилери адамдарды космоско учуруп жатат. Ал эми Кытай күнүнө жүздөгөн чакырым жолдорду куруп, Европа керек болсо күн сайын жаңы ачылыштарды жасап жатканда, биз болсо эскирген системаны жоё албай кала бергенибиз бүгүнкү күндүн чындыгы. 

Урматтуу делегаттар жана коноктор!
«Бир Бол» партиясы өзүнүн жаңы форматы боюнча уникалдуу долбоор болуп саналат.
Бизде амбициялуу максаттарды ишке ашыра алган, чет өлкөлөрдүн алдыңкы окуу жайларынан билим алып, мен-мен деген ири компанияларда тажрыйба топтоп, Кыргызстанга кантип инвестиция тартуунун жолдорун билген, инновациялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыра алган команда бар.
Биздин катар жаштар жана айымдар менен толукталды. Бул дагы биздин принципиалдуу позициябыз, себеби айымдар саясатка көп аралашпаса өлкөдөгү бир катар багыттар аксап каларына күбө болдук. Шайлоого катышкандардын арасында аялдардын саны эркектердикине караганда көп болгону менен бийлик бутактарында алардын аз болгону туура эмес көрүнүш.
Биздин партиялаштар, анын ичинде айымдарыбыз дагы парламентте, Өкмөттө, мамлекеттик башкаруу системасындагы жооптуу кызматтарда иштей алышат.
Мен «Бир Болдун» командасы – сапат белгиси бар команда деп ишенимдүү айта алам. Анын ар бир мүчөсү көпчүлүк үчүн үлгү жана мотиватор боло алат. Ар биринин өзүнүн ийгилик тарыхы бар…
Алтынчы чакырылыш коомдо эрки жок парламент катары эле эмес, депутаттардын билим деңгээлинин төмөндүгү үчүн акыйкат сындалып жатканын кесиптеш экенибизге карабай айтып коеюн.
Бирок, Кыргызстан чоң кадрдык потенциалга ээ.  Муну «Бир Болдун» жаңы командасы айкын көрсөтүп турат.
Албетте, өз курамын жаңыртуу жана алдыга жаштарды алып чыгуу – бул элдин талабы. Партиялардын көпчүлүгү талапкерлерин коомго тааныштыра элек, бирок эл көзүнө эле жаңыландык деп элди алдашат.
Башка партиялардан айырмаланып, «Бир Бол» парламентке бардык багыттар боюнча конкреттүү реформалардын планы менен бара жатат.
Биздин шайлоо алдындагы программабыз «Инновациялык реформалардын мезгили» деп аталат. Программадагы ар бир пункт, ар бир максат реформаларды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү план менен бекемделген.
Айтайын дегеним, биз тырмакчаларга алынган жана ураандарга толгон популисттик шайлоо программасын түзүүнү максат кылган жокпуз!!!
Биз өлкөнүн өнүгүүсүнүн альтернативдүү жолун көрсөтүүнү кааладык. Биздин бул ниетибиз ишке ашты деп ойлойм. Эми биз элибизге бул программабызды жеткиришибиз керек.
Биз катыша турган шайлоо жеңил эмес. Ар бир шайлоо өзүнчө уникалдуу. Бирок, алдыдагы шайлоо мурдагыдан алда канча айырмаланып турат.
Себеби коронавируска байланыштуу үгүттөө иштерин салттуу форматта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биз өз кызыкчылыгыбызды эле көздөбөстөн элибиздин ден-соолугуна да кам көрөлү.
«Бир Бол» — бул шайлоолор үчүн эле түзүлгөн партия эмес, ар кандай саясий күчтөрдүн кыска мөөнөттүү альянсы эмес. Бул бутуна бекем турган жаңы түрдөгү жана саясатка узак убакытка аттанган саясий кыймыл!!!

Кымбаттуу пикирлештер! Достор!
Бүгүн бүткүл дүйнө коронавируска каршы вакцина күтүп жатат.
«Бир Болдо» өлкө үчүн вакцина бар!
Сабатсыздык жана коррупция вирусуна, трайбализм жана аймак аралык бөлүнүп-жарылуу вирустарына каршы вакцина – бул «Бир Бол» партиясы!
Бардык ооруларга, өнөкөткө айланып кеткендердин баарына — бир вакцина! Ал «Бир Бол»!
Караңыздарчы, пандемия менен бет келгенде биздин коом жеке уюшкандыктын кандай гана жогорку деңгээлин көргөзө алды!
Мамлекеттик институттар эси ооп, алапайын таппай ыкчам жана тийиштүү чараларды көрө алышкан жок. Ошондо эл, бүтүндөй ыктыярчылар жоопкерчиликти өз колуна алды. Бул да болсо биздин эркин коом экенибиздин жыйынтыгы.
Бизин тарапташтар жана ушул залда отургандарынын көбү элине-жерине, мекенине берилгендигин, баатырдыгын көрсөтүштү. Алар дарыгерлерге жардам берип, кайрымдуулук жана башка көптөгөн маанилүү, пайдалуу иштерди жасашты. Себеби алар кайдыгер болуп, четте карап тура алышмак эмес!
Бул да болсо биздин командабыздын, өлкөбүздүн системасына кирип кеткен вирустун баарына вакцина болуп бере аларын далилдеп турат.
«Бир Бол» партиясы – өлкө үчүн вакцина!
Рахмат!»

Exit mobile version