Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бүгүн, 9-август күнү Ысык-Көлдөн балык кармоо үчүн браконьерлер салган торлорду тазалоо үчүн кам көрүп жаткан видеосун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Бүгүн көлүбүздү браконьерлер салган торлордон тазаладык. Балыктарды коргоо жана аларды көбөйтүү баарыбыздын колубузда. Ысык-Көлүбүзгө таазим кылып,жаратылышын көздүн карегиндей сактайлы«- деп жазды.
Видеодо көрүнүп тургандай облус башчысы торлорго илинип калган тирүү балыктарды сууга коё берип, өлүп калган балыктарды жыйнап жатышты.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда