Сулайманов: Эл эскилерди көргүсү жок, жаңы партияларга жол берели – видео

Сулайманов: Эл эскилерди көргүсү жок, жаңы партияларга жол берели – видео

Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов  алдыдагы шайлоодо жаңы партияларга мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтып, эл эскилерден тажап жатканын билдирди.

“Мен кечээ жарандык коомдун жыйынына катыштым. Анда бир канча партиялардын лидерлери да чогулду. Тилекке каршы, анда көтөрүлгөн маселелер ЖМКга толугу менен чыккан жок. Ал жакта айтылган кептерди угуп, ушунчалык капа болдум. Эми ошол жасаган иштерибиздеги кемчиликтерди мыйзам жолунда жоюп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизели десем, аны да “акылдашалык” дейсиздер.

Буга чейин ал маселени чечели дегенде, көпчүлүк келбей койбодубу, эми эмне кылышыбыз керек? Ушул мыйзам долбоорун кабыл алып, боло турган шайлоого тактап берип коелук. Мында отурган депутаттардын 80ден ашыгы шайлоого катыштык. 7 пайыздык ченге кол коюп, шайлоого катышкан менде дагы күнөө бар. Шайлоого аттанбай деле коелук, анткени жарандык коомдун жыйынында азыркы депутаттардын бирин дагы кийинки парламенттен көргүбүз жок дешти. Демек, мыйзам долбоорун ишке ашырып, эркин атаандашууга жол ачып жаш, жаңы партияларга мүмкүнчүлүк берип коелу”, — деди А.Сулайманов.

Белгилей кетсек, учурда парламент депутаттары шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>