Сулайманов: Эл VI чакырылыштын депутаттарынан араң кутулду – видео

Сулайманов: Эл VI чакырылыштын депутаттарынан араң кутулду – видео

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулса анда ага мен катышпайм. Мындай пикирди парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Эл өкүлү муну VI чакырылыштагы парламент депутаттары 5 жыл боюу эч нерсе чечпегендиги менен түшүндүрдү.

“Кыргыз эли бүгүн оор күндөрдү баштан өткөрүүдө. Адамардын асылдары, жакындарыбыз кетип жатат. Ушундай апаат учурда шайлоо жөнүндө сөз кылуу туура эмес. Буга мыйзам дагы бүгүнкү абал дагы жол бербейт. Ошондуктан, саясатчылар абайлап сүйлөшүбүз керек. Эл саясатчыларды көрөйүн деген көзү жок, VI чакырылыштын депутаттарынан араң кутулду. Каникулга кеткенден кийин кайра жыйынга чогулабыз деген туура эмес. Эгер жыйын болсо анда ал жыйынга мен барбайм. Анткени 5 жылда чечпегенди чукул жыйында чечебиз дегенге ишенбейм. Шайлоого дагы 80 күн бар, ага чейин бир нерсе айтуу саясий упай топтоо деп эсептейм.  Тескерисинче биз азыркы апааттан чыгуунун жолун издеп, элибизге жардам берүүбүз керек”, – деди Сулайманов.


Парламенттин VII чакырылышына шайлоо өткөрүү ушул жылдын 4-октябрына белгиленген.  Айрым эксперттер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал күчө жатканда шайлоо өткөрүү туура эмес деген пикирледи айтып келишет.

Белгилей кетсек, 18-марттан 15-июлгачейин 11 миң 977 адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 3660 адам ооруну жеңген, 160 адам каза болгон.

Ал эми март айынан бери пневмонияга 9204 адам чалдыккан. Алардын ичинен 3415  бейтап айыгып чыкса, 571 адам бол оорунун курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>