Сулайманов: Элдик толкундоолор депутаттарды эсине келтирбептир, 3 күндө унутуптур – видео

Сулайманов: Элдик толкундоолор депутаттарды эсине келтирбептир, 3 күндө унутуптур – видео

«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жаңы партияларга, жаштарга кайрылуу жасап,  үн катууга чакырды. 

Ал шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү аракетин алтынчы чакырылыштын депуттары колдобой, жаштардын келүүсүнө, акчасыз, эркин атаандаштыкта шайлоо өтүүсүнө бут тосуулар болуп жаткандыгын билдирди.

Дал ушул таза эмес шайлоодон чыккан элдик толкундоолорду депутаттар унутуп, эски системанын өзгөрүүсүнө каршы болуп жаткандыгын айткан.

“Урматтуу мекендештер, урматтуу саясий күчтөр, урматтуу жаңы, жаш партиялар акыркы мүнөттөрдө болгон кырдаалды көрдүңүздөр. Биз бир топ депутаттар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын катарында ал эмне жыйынтыкка алып келди деп форма №2ни жокко чыгарып, 7 пайызды – 3 пайызга түшүрүп, 5 миллион сом күрөөнү 1 миллион сомго түшүрөлү деп мыйзам даярдап алып чыкканбыз.

Бүгүн комитетте карап, алып чыгалы десек депуттардын көпчүлүгү кетип калды. Комитеттин жетекчиси Канат Керезбекович дагы каршы болуп туруп алды.

Урматтуу жаштар, урматтуу жаңы партия өкүлдөрү, урматтуу эл журттум бизде эч качан таза шайлоо болбойт. Бул нормаларды булар эч качан кабыл албайт. Кийинки парламент да олигархтык жана админресурстук күч менен келе турган болуп калды.  Менин колуман, бир топ депутаттардын колунан келбей калды.

Мына алтынчы чакырылыштын депутаттарынын кылганы, бизге аз болуптур, кечээки төңкөрүш кылабыз деген элдин толокундоосу депуттарды эсине келтирбептир. Үч күндүн ичинде алар унутуп калыптыр. Баарыңыздарга кайрылам үн катыңыздар, кайрылууларды жасаңыздар. Эртең кайрадан Жогорку Кеңешти чакырып,  бул мыйзамды өткөзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Болбосо эски система ошол бойдон калат, эч кандай жаштар келе албайт, эч кандай жаңы күчтөр келе албайт, акчасыздар келе албайт, эч кандай бизде эркин атаандаштык болбойт”, — деди Сулайманов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Алтынбек Сулайманов шайлоо босого чегин жана күрөөнүн суммасын азайтуу, ошондой эле форма- 2 менен добуш берүүну жоюу тууралуу мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине сунуштаган. Комитет төрагасы Канат Керезбеков кворум жок экенин айтып, аталган мыйзамдын каралбай тургандыгын билдирип, Сулайманов экөөнүн ортосунда талаш-тартыш орун алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>