Сулайманов: КТРКнын рейтинги 5 пайыз, аны менчикке берүү керек – видео

Сулайманов: КТРКнын рейтинги 5 пайыз, аны менчикке берүү керек – видео

Коомдук телерадио корпорациясын өнүктүрүү үчүн аны менчикке берүү керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги “Бир-Бол” фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында айтып чыкты.

“КТРК сыяктуу мамлекеттик телеканалдар бизге керекпи деген маселени көтөрүш керек. Мамлекеттик канал дегендерди  жоюп, менчикке берүү керек. Мамлекеттен бөлүнгөн жылдык буджети 400 млн сом экен. Бул деген 10 жаңы мектеп. Жылына 10 мектеп курулса бизге пайда болобу же КТРК пайда береби?  1000 кызматкери бар экен, алар жарытылуу акча деле албайт. Ошондуктан менчикке берсек ошол акча бизге эконом болот да, менчикте эркин атаандашуу болуп, элге ар тараптуу маалымат жетмек”, – деди Сулайманов

Ал эми КТРКнын дирктору Жайнак Үсөн уулу депутаттын айткандарына өз оюн билдирип, эгер КТРК менчикке өтсө бир топ долбоорлор токтоп каларын айтты.


Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>