Site icon Reporter.kg

КРдин эл артисти Султан Каримов президенттин жардамын алды

Бүгүн, 22-апрелде Садыр Жапаровдун атынан белгилүү ырчы Султан Каримовго акчалай жардам тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев менен маданият министри Кайрат Иманалиев ырчынын үйүнө барып, акчалай жардамды тапшырышкан.

Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө президент Садыр Жапаров ырчынын дарылануусу кандай жүрүп жаткандыгына көз салып, анын абалын ар дайым сурап турарын айткан.

“Президент коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө маданият өкүлдөрүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулуп, аларды колдоо ураандардын жана сөздөрдүн деңгээлинде калбашы керектигин айткан. Бүгүн президенттин атынан Султан Каримовго бир жолку материалдык жардамды тапшыруудабыз Ал кыргыз эстрадасынын өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон. Биз Султан Каримовдун тез сакайып кетишине ниет кылабыз”, — деген Базарбаев.

Белгилей кетсек, эл артисти Султан Каримов кант диабетинин биринчи түрү менен катуу ооруп жүргөн.

 

Exit mobile version