Балыкчы шаарынын мэри болуп Султан Кермалиев дайындалды. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 36 жаштагы Кермалиев курулуш тармагында жогорку билимге ээ. Ал “Шарипкан” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары белгилүү.
Эскерте кетсек, компания Чолпон-Ата шаарындагы комуз формасындагы пирстин жана Балыкчы шаарындагы Зевс менен Посейдондун айкелдеринин автору болуп эсептелет.