Site icon Reporter.kg

Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылды

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча билдирүү жасаган депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу фракция лидери Динара Ашымова билдирди.

Фракциянын кезексиз жыйынында Айжигитовду «Ыйман Нурунан» чыгарууну Ашымова, Винера Раимбачаева, Эрнис Айдаралиев колдогон. Замир Мамасадыков калыс болуп, Айжигитовдун өзү каршы добуш берген. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Султанбай Айжигитов фракциядан чыгарылган.

Фракциядан чыгарылганы менен Айжигитов эркин депутат катары кала берет.

Эскерте кетсек, «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Султанбай Айжигитов бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында сөз алып, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча кооптонууларын айтып чыккан. Ал келишимде каралгандай, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген.

Анын сөзүнөн кийин «Ыйман Нурунун» лидери Динара Ашымова Айжигитов фракциянын убактысын колдонуп, сезимтал, мамлекетке керектүү маселе боюнча жеке оюн билдиргенин, ал фракция менен макулдашылбаганын билдирген. Ошондой эле фракциянын кезексиз жыйыны өтүп, анда Айжигитовдун билдирүүсү караларын айткан.

Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча кооптонууларын билдирди (видео)

Exit mobile version