Султангазиев: дары алып келүүгө тоскоол болуп, адам өлүмүн көбөйткөндөр жоопко тартылсын

Султангазиев: дары алып келүүгө тоскоол болуп, адам өлүмүн көбөйткөндөр жоопко тартылсын

Дүйнө мамлекеттери коронавируска каршы колдонуп жаткан дарыны Кыргызстанга алып келүүгө тоскоол болуп, айрымдар адам өлүмүн көбөйттү. Бул тууралуу медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев «Фейсбук» баракчасына жазып, күнөөлүлөрдүн жоопко  тартылышын талап кылды.

Ал өз билдирүүсүн расмий кайрылуу деп эсептеп, укук коргоо органдарынын буга чара көрүүсүн суранган.

«Мен коронавируска чалдыккан жарандардын өлүмүнө Бермет Барктабасова менен Бактыгүл Камбаралиеваны күнөөлүү деп эсептейм. Бул адамдар Саламаттыкты сактоо министрлигине басым жасап, ЖМКларда чуу түшүрүп, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын колдоосу менен азыр АКШда, Түркияда, Орусияда, Евросоюздун аймагында колдонулуп жаткан вируска каршы колдонулуучу препаратты (ремдесивир) бизде дарылоого колдонууга тоскоолдук кылышкан.

Буга байланыштуу клиникалык протокол менен иштөөгө мажбурланган биздин дарыгерлер аны сунуштоого укуктары жок болуп калды. Ал эми дарыны алып келүүгө азыр базарлар жабык. Бирок ошол эле учурда жок дегенде жакындарын сактап калуу үчүн жарандар өз акчасына болсо да сатып алса боло турган, оригиналынан 5-7 эсе арзан турган анын аналогдору рыноктордо пайда болду.

Мындан тышкары, 29-июнда аталган препаратты дарылоо протоколуна киргизүү зарылдыгын айтып Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жөнөткөнбүз. Натыйжада ал маселени чечүү вице-премьер-министр Аида Исмаиловага тапшырылды. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал күчөп жаткандыктан бул маселе өтө ыкчам түрдө чечилиши керек эле. Бирок арадан 10 күн өтсө да маселе ордунан жылган жок. Адамдар аман калуу мүмкүнчүлүктөрү болгонуна карабастан  каза болуп жатат. Эгер аталган препаратты колдонсок дарылоо мөөнөтү да 30 пайызга азайып, ооруканаларда орун талашуу азаймак.
Бул пикиримди өкмөткө, саламаттыкты сактоо министрлигине жана укук коргоо органдарына расмий кайрылуу деп эсептегиле» — деп жазган Султангазиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>