Сулуулук сынагынын жеңүүчүсү дүкөндө сатуучуну бычактады ,–видео

Сулуулук сынагынын жеңүүчүсү дүкөндө сатуучуну бычактады ,–видео

Орусияда сулуулук сынагынын жеңүүчүсү дүкөндүн сатуучусуна бычак менен кол салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Орусияда 2005-жылы өткөн сулуулук сынагынын жеңүүчүсү, 36 жаштагы Наталья Долгоновская дүкөндөн кызматкерине бычак менен кол салып кармалган.

Ал эч себепсиз эле “аялдарды жек көрөм” деп дүкөндүн кызматкерине бычак менен кол салып көптөгөн жаракаттарды келтирген. Канга чыланган кызматкерди башка кесиптештери ажыратып калган.

Окуя болгон жерден качып кеткен Наталья Долгоновская көп узабай кармалып полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Жабырлануучу башына, далысына, омурткасына бычактан оор жаракаттарды алган. Учурда тийиштүү дарылоодон өтүп жатат.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда Наталья Долгоновская 2005-жылы 18 жашында сулуулук сынагынын жеңүүчүсү болгон. Кийин бай адамга күйөөгө тийген. Аны менен балалуу боло албай ажырашып, моделдик карьерасын уланткан.

Бирок сулуу айым дайым чыр-чатактын арасында жүрөрү ЖМКларда байма-бай айтылып келет.   

https://youtu.be/FFZA6aQitM0

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>