Site icon Reporter.kg

Супара: Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы өтүүдө

Бүгүн, 5- июнь күнү, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин координациясында, ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданияты уюму жана “Супара” этнографиялык комплексинин алдындагы “Supara Chunkurchak” энторезортунун уюштуруусунда “Супара: Түрк дүйнөсүнүн этнокулинария фестивалы” алгычкы ирет өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Маалыматка караганда, фестивалга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Түрк маданияты (Түрксой)-эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, “Супара” этнокомлексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева баш болгон бир катар коомдук, маданий ишмерлер жана этнокомплексте эс алып аткандар катышышты.

Фестивалда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Венгрия, Македония өлкөлөрүнүн белгилүү ашпозчулары өздөрүнүн улутуна таандык улуттук тамак-аштарды жасап, калыстардын сынына коюшат.

Бул иш-чаранын максаты-түрк маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон тамак-аш маданиятын жандандыруу, унутта калган азык-түлүктөрдү кеңири таанытуу, гастрономиялык туризмди өнүктүрүү. Алгач ашпозчулар диаспора өкүлдөрүнүн коштоосунда чыгып, тааныштырылып, өнөрпоздор тарабынан концерттик программа жана театралдаштырылган пролог тартууланган соң иш-чараны ачуу үчүн сөз Кайрат Иманалиевге, Султан Раевге, Жаңылсызнат Тургунбаевага берилди.

Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев маданияттын дагы бир бөлүгү- дасторкон маданияты экенин белгилеп, «ар бир элде тамак тартуунун, даам сызуунун, дасторкон четинде өзүн алып жүрүүнүн өзүнүн эрежелери бар. Бүгүн кыргыз дасторконуна түрк тилдүү элдердин улуттук тамак-ашы жайылып, өзгөчө сынак болуп атат. Сынакты демилгелегендерге ыраазычылык билдирем жана катышуучуларга ийгилик каалайм”- деп сынакты ачык деп жарыялады.

Султан Раев ата-бабалар ак дасторкондо тил табышып, мамиле куруп, ынтымакка келишкенин айтып, “дасторкон биз үчүн- жашоо образ, философия, ар бир улут өзүнүн улуттук тамак-аштарын кастарлап келишет. Бул иш-чаранын башкы максаты- унутта калган азыктарды жайылтуу, ар бир улуттун тамак-аш маданиятынын өзгөчө филасофиясын көрсөтүү”-деди.

Жанылсызнат Тургунбаева азыр жашообузда тез даярдалчу азыктар кучак жайып турган учурда биз өзүбүздүн экологиялык жактан таза тамак-аштардын көөнө маданиятын көбүрөөк жайылтышыбыз керек экендигин белгилеп өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version