Super TV каналынын журналистине Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө тыюу салынганын аталган редакция 18-майда маалымдады.
Буга эмне себеп болгонун эч ким түшүндүргөн эмес.
Буга чейин журналист менен Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын ортосунда жаңжал болгону жарыяланган.