Site icon Reporter.kg

Сурабалдиева Солтон-Сарыдагы чыр боюнча Жогорку Кеңештин төрагасын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырды

КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин төрагасына эл өкүлдөрүн чогултуп, кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу Төрага! Урматтуу коллегалар! Элдин айласын кетиртпей, депутаттар чогулуп, маселени талкуулайлычы. Көңүлүн калтырып бүттүк, жалгыз таштап салдык — канча ызы-чуунун үстүндө жай бою жүрөбүз. Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче бөлүп жаткан видеолор таратылып жатат.  Өкмөт менен президентти да чакыралы», — деп жазган Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, 5-августта Нарындагы Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Себеби эл компаниянын иштөөсүнө каршы.

Exit mobile version