Site icon Reporter.kg

Сурабалдиевдер менен Ташиевдердин бизнестери текшерилсин, — депутат

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев “Кудайберген” базары 70 млн сом кошумча салык төлөбөгөнү боюнча айткандарына жооп берди.

Депутаттын айтымында, базарда 1376 контейнер бар.

«Эл 15 миң сомдон ижара акысын төлөбөйт, 6 миң сомдон 8 миң сомго чейин төлөйт. Ошол эле учурда контейнердин үстүнө башка контейнер коюлса, ижара акысы 1000 сомго көтөрүлөт», — деди ал.

Депутат Сурабалдиева Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдун орун басары экенин сурап, оң жооп алды.

«Сиз Сурабалдиевдер менен Ташиевдердин үй-бүлөлөрүнүн мүлктөрүнүн келип чыгуу булагын текшерүүнү уюштурууга даярсызбы? Ошол эле учурда комиссиянын курамына бардык өкмөт мүчөлөрүн, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошолу. Эгер сиз ага барууга даяр болсоңуз, анда мен даярмын. Ошондо гана бул өлкөдө ким салык төлөп, кимдер салык төлөбөй жатканын көрөбүз. Кааласаңыз, сизди, орун басарларыңызды, министрлериңизди текшеребиз», — деди депутат.

Элвира Сурабалдиева УКМКнын төрагасы адамдын жекелигине өтүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «Кудайберген» базары 70 млн сом өлчөмүндө салык төлөбөгөнүн билдирген.

«Кудайберген» базарында 3 миң контейнер бар. Маалыматтарга караганда, ар бир контейнерден 2-3 миң сомдон чогултулууда. Бирок иш жүзүндө 7-15 миң сомдон чогултушат. УКМК базарларды текшербейт, эч кандай көрсөтмө бербейт. Салык кызматы ишкердик субъекттерин текшерет. “Кудайберген” баразы  70 миллион сом салыкты төлөгөн эмес. Төлөш керек. Биз эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барбайбыз, барганга акыбыз дагы жок, — деген К.Ташиев.

Ага чейин депутат Эльвира Сурабалдиева кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоого каршы добуш бергендерге коркутуп-үркүтүүлөр, кысымдар болуп жатканын билдирген болчу.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version