Суракматов: Бишкекте өзгөчө абал режиминин алкагында 40 мобилдүү бригада түзүлдү

Суракматов: Бишкекте өзгөчө абал режиминин алкагында 40 мобилдүү бригада түзүлдү

Бишкекте өзгөчө абал режиминин алкагында 40 мобилдүү бригада түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде брифинтге калаа башчы Азиз Суракматов билдирди.

Бригаданын курамында эпидемиолог врач жана лаборант иштейт.

“2020-жылдын 7-апрелине карата мобилдик бригадалар тарабынан эпидемиологиялык абалы жагымсыз аймактардан келген, же COVID-19 вирусунун белгилери бар шаардыктардын абалына байкоо жүргүзүү үчүн 1312 чыгуу аткарылды”, — деди мэр.

Суракматов борбордо 1756 жаран коронавируска шектелип, каттого алынганын айтты.

“Бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 жаран каттого алынган, ар биринен алгачкы анализдер алынып, алар обсервацияда же үй карантининде турат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ – 14 күндөн кийин алардан кайрадан анализ алынат, эгерде жыйынтыктары оорунун жок экенин көрсөтсө, анда алар көзөмөлдөн чыгарылат”, — деп билдирди Бишкектин мэри.

Анын айтымында, шаарда жалпысынан 1359 адам көзөмөлдөн чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>