Суракматов: Бишкекте коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда

Суракматов: Бишкекте коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда

Бишкек шаары боюнча коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда брифингде Азиз Суракматов билдирди.

“25-майдан тарта Бишкекте экономикалык ишмердүүлүк жандангандыктан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат. Бүгүнкү күнгө чейин Өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, ӨА жана ӨК режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда”, — деп билдирди Суракматов.

Ал бардык чарбалык субъекттерди жана менчик формасына карабастан бардык жетечилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерине эскертти, эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, КР мыйзамына ылайык жоопкерчилик каралат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>