Суракматов: мэрияны Түлеев жетектейт, мен шайлоого аттанам

Суракматов: мэрияны Түлеев жетектейт, мен шайлоого аттанам

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов  шайлоо катышуу үчүн мэрликтен кетип жатат. Мындай пикирин Азиз Суракматов мэрияда өтүп жаткан маалымат жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал Нариман Түлеевди көпкө сүйлөшүп өзү көндүргөндүгүн айтты.

«Нариман Ташболотович менен көп жолу бирге иштегенбиз. Мен буга чейин көп жолу сурангам жардам бериңиз мэриянын ишине деп. Бирок ал көп жолу баш тарткан. Кечээ түндө чалып көпкө сүйлөшүп көндүрдүм. Эми мэрияны Нариман Ташболотович жетектейт. Мен шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетем», — деди Суракматов.

Ал шайлоого кайсы партия менен барарын ачык айткан жок. Бирок сунуштар көп болуп жаткандыгын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>