Site icon Reporter.kg

Сурамжылоо: Казинонун ишмердүүлүгүнө уруксат берүүгө кандай карайсыз?

Кыргызстанда казинонун ишмердүүлүгүнө уруксат бере турган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, көңүл чордондо. Жогорку Кеңеш биринчи окууда бул мыйзамды колдоп берди. Анда, оюн-зоок жайларына жашы 21 жаштан жогору болгон чет элдик гана жарандар кире алары, эгер кыргыз жараны ойноп жатып кармала турган болсо, казино уюмунун лицензиясы жокко чыгарылары айтылат.  Лицензиянын баасы бир миллион доллар турат. Мындан улам Reporter.kg жогоруда аталган мыйзам долбоору боюнча жарандардын көз караштарын сурап көрдү.

«Казинонун» ишмердүүлүгүнө уруксат берүүгө көз карашыңыз кандай? Чет элдик жарандар гана кумарканаларга кирүүгө мүмкүн деген чектөөнүн иштеп кетишине көзүңүз жетеби?

Кеңешбек Ашымырзаев  Бишкек шаарынын тургуну:

Мусулман катары казинонун ачылышына каршымын. Себеби ал шариятта “арам”- деп айтылат. Ал жаштарды тескери жакка багыттайт. Уурулук, кайдыгерликти үйрөтөт. Мен деле  казиного барып көргөн эмесмин, түшүнүгүм деле жок. Бирок, айрым жагдайды эске алып,  Кыргызстандын жараны катары макулмун. Себеби, өлкөгө салык төлөнүп, бюджетке акча түшүүсү керек деген сындуу карама-каршы ойлор айтылып жатат.

Азамат Убраимов, ишкер:

 – Бюджетке салым кошуу максатында болсо туура эле деп ойлойм. Легалдуу казино болсо ал мамлекетке да төлөйт да. Негизи идея жакшы, бирок элге сунуш кылууда туура жеткириш керек.  Мисалы, Ысык-Көл облусуна казинону ачуусун сунуштайт элем. Анткени, ал аймак туризм жаатында абдан ыңгайлуу болгондуктан туристтердин чоң агымы пайда болуп, туристтик мезгил узарып, жергиликтүү тургундар үчүн да бюджет үчүн да жакшы пайда болмок. Бирок, дагы бир жагдайды эске алуу керек. Кыргыз жарандарын кумарпоздуктан сактап калуу үчүн мыйзамга  катаал шарттар киргизүү менен кыргыз жарандарын казиного ойноого тыюу салынышы керек. Казинонун кожоюндары бир кыргыз жаранын киргизе турган болсо эле, экинчи кыргыз сөзсүз кирет. Ошентип, уланып кете берет. Эгерде ушул жагын тыя ала турган болсок, туристтерди тартууда жакшы жол деген ойдомун.

Нагима Хусенова, студент:

-Биздин өлкөдө казино ачуу туура эмес деп ойлойм, анткени казинодон тапкан акча адал эмес. Арам жолдон тапкан акча берекелүү болбойт. Казинодон уткандар жана утулгандар болот. Анын кесепетинен ар түрдүү окуялар чыгышы мүмкүн. Анан кайра эле кризиске батабыз.

Урмат,айдоочу:

 —Каршымын. Эгер, казинону ачып койсо чет элдиктер кирсе кире берсин, бирок кыргыздардын деле ал жакка кирүүсүн эч ким токтото албайт да. Чет элдиктер гана кирет деген жөн эле сөз. Бюджетти казинодон башка деле нерселер менен толтурса болот. Казиносуз бюджет толбой калмак беле?

 

Гүлзат, медайым

-Казинонун ачылуусу бизге жакшылык алып келбейт. Анткени, экономикалык жактан, моралдык жактан туруктуу үй-бүлөлөргө терс таасирин берип, кайсы  бир күнү материалдык жактан баары бир чыр-чатакка алып келе турган маселе. Материалдык чыгымдан чыккан уруш-талаш үй-бүлөлүк чоң жаңжалга айланат. Кумарканага кыргыз жарандары кирбей, чет элдиктер гана ойноп калат дегенге анчейин ишене албай турам.  Чынында мыйзам жакшы иштеп, көзөмөлдү күчөтүү менен бюджетке акча толтурууну көздөшсө макулмун.

Седеп, үй кожойкеси:

Мен каршымын, себеби кыргыздар баары бир тааныш-билиш кылып киришет. Кыргыздардан деле казино үчүн башка мамлекетке барып ойноп келгендер бар экен. Анан алар Кыргызстанда казиного уруксат берилсе, башка жакка бармак беле?!  Андан тышкары, казинодо кыздар иштешет. Ал жакка башка мамлекеттин кыздарын алып келмек беле, кыргыз кыздарын иштетишет. Ошентип анан туура эмес жолдо жүргөн кыздар көбөйөт. Келечектери бузулат.  Негизи эле казино деген нерсе арам, каршымын.

Телеграм канал аркылуу да сурамжылоо жүргүзүүдөбүз, бул жактан дагы өз оюңузду билдире кетиңиз @reporter_kyrgyzcha 

 

Жазайым Бакытбекова

Exit mobile version