Site icon Reporter.kg

Орусия: Жол кырсыгынан каза болгон жубайлардын сөөгү Кыргызстанга жеткирилет

Орусиянын Сургут шаарында жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык жубайлардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча тиешелүү документтер даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ушул жылдын 24-октябрында саат 09:00 дө Элчиликтин кеңсесинде А.К.Анын бир тууганы А.А.З менен жолугушуу өткөрүлдү, каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөмдү алуу тартиби түшүндүрүлдү. Когалым жана Ноябрьск шаарларынын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү кошулуп, А.А.Зга активдүү жардам көрсөтүлүүдө.

Бүгүн, 25-октябрда, Элчиликтин кеңсеси Орусиянын ИИМинин Ханты-Мансийск автономдуу округу-Югранын Сургут району боюнча тергөө бөлүмү менен байланышты. Каза болгон 1999-жылдын 31-августунда туулган А.А.М.нын унаа башкарууга уруксаат кагаздары жок болгондугуна байланыштуу тергөө органдары окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. Тергөө башкармалыгы кырсыктан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып кетүүгө тиешелүү бардык уруксаттарды берет. Мындан тышкары, каза болгондордун сөөгүн Элчиликтин кеңсеси Кыргызстанга тез арада жөнөтүү үчүн кошумча каттамдарды иштеп чыгууда.

Кырсык 23-октябрда Сургут-Когалым унаа жолунда болгон. Сургуттан Ноябрскти көздөй бара жаткан Hyundai унаасынын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Унаа Мерседес жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астына кирип кеткен.

Чет элдик унаанын айдоочусу жана анын эки жүргүнчүсү, 36 жаштагы эркек жана 19 жаштагы кыз ошол жерден каза болгон. Унаанын ичинде болгон дагы 19 жаштагы жигит ооруканага жаткырылган.

Exit mobile version