Site icon Reporter.kg

Сургутта күйүп кеткен кыргыз балдардын апасына кылмыш иши козголду

Сургут шаарында өрттөн каза болгон балдардын апасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка таянсак, мигрант энеге “Эки же андан көп баланы этиятсыздыктын натыйжасында өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөчү аны камакка алууну талап кылган.

Ал эми өрт үйгө коюлган эки жылыткычты көтөрө албаган электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан. Балдар күйүп жаткан үйдөн чыгууга аракет кылышып, сырткы эшик кулпулангандыктан алар үйдөн чыга албай калган. Балдардын атасы Кыргызстанда мекенинде болгон, ал административдик укук бузгандыгы үчүн депортация кылынганы айтылат.

Белгилей кетсек, окуя 11-мартта болуп, анда үйдө чоңдордүн кароосусуз калган 8 жаштагы кыз жана 5 жаштагы бала күйүп кеткен. Апасы жумушка, ал эми чоң апасы бир нече күн мурда курбусунун үйүнө кеткени кабарланган.

Бүгүн, 16-мартта балдардын сөөгүн мекенине кайтаруу пландалууда, алар Кыргызстанда жерге берилет.

 

Exit mobile version