Site icon Reporter.kg

Сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталган

Сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Өрт катталган аймактар: Бишкекте 4, Чүй 4, Ош шаары 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл 2, Жалал-Абад аймагында 2.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, өрт кырсыгынын басымдуу бөлүгү турак үйлөрдөн чыккан. Турак үйдүн жашоочулары электр энергиясына этияттык менен мамиле кылбагандыктан өрт кырсыгы катталууда.

Exit mobile version