Сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайк, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

Өрт кырсыгы катталган аймактар:

Ош облусу – Өзгөн району,Кош-Коргон айылы, Каримов көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 35 чарчы метри чатыры жана 2 тонна көмүр  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда; Кара-Кулжа району Ылай-Талаа айылы, Жусупов көчөсү турак үйдүн короосунда 9 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу; Өзгөн району Жылалды айылы, Кабылов көчөсү жыгач устундуу темир жабылган эки кабаттуу сарайдын 75 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусу — Токтогул району Көтөрмө айылы,  Айдар көчөсү турак үйдүн короосунда 4 тонна жыйылган чөп жана 150 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл — Тон району Кажы-Сай айылы, Керимкул-Ата көчөсү Эки кабаттуу турак үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн аянтты жана себеби такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>