Site icon Reporter.kg

Суу сактагычта кайыктын үстүндө калып калган адам куткарылды

Кара-Суу районунда кайыктын үстүндө калып калган адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Правда айылында Кемпир-Абад суу сактагычында 1985-жылы туулган С.Ш аттуу эркек киши кайыктын үстүндө калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар калып калган адамды жээкке чыгарып берген. Абалы жакшы.

 

Exit mobile version