Site icon Reporter.kg

Суучул Денис Петрашов Азия чемпионатында экинчи алтын байгесин утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Нью-Кларк шаарында (Филиппин) өтүп жаткан Азия биринчилигинде экинчи алтын байгесин утту. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Петрашов буга чейин, 26-февралда 50 метр аралыктагы жарышта (брасс түрү) жеңүүчү болгон.

Бүгүн, 29-февралда Петрашов 200 метр аралыкка жарышта (брасс түрү) жеңишке жетип, экинчи алтын байгесин утту.

Суучул Денис Петрашов Азия чемпионатында алтын утту

Exit mobile version