Site icon Reporter.kg

Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн 91 күндөн бери тазалап жатышат

Суучулдар Ысык-Көлдү 91 күндөн бери тазалап жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, соңку бир апта ичинде Бостери айылындагы “Золотые пески”, Чолпон-Ата шаарындагы “Лагуна” “Голубой Иссык-Куль”, Ч.Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий комплекси , Бактуу-Долоноту айылындагы “Ден-соолук, “Каприз” пансионаттарынын аймагындагы көлдүн түбү тазаланды.
«Учурда ӨКМдин суучулдары көлдүн түбүн таштандылардан тазалоону улантууда. Ал эми 12-марттан тарта жалпы Ысык-Көлдүн акваториясынын 211 2254,59 гектар аянты тазаланып, суу астынан 7505 кг таштанды, 96 000 метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version