Site icon Reporter.kg

Сууга агып бараткан эки баланы куткарган жигит сыйланды

Бүгүн, 1-августта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде ушул жылдын май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспөрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалы тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 22-май күнү ал Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган.

«Бүгүн Даниилдин эр жүрөктүүлүк менен жасаган эрдиги бааланып, министрликтин жогорку мактоосуна татыды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жаштарга жана келечек муундарга үлгү боло турган өмүр сакчысына ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version